• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында быйыл "Бакыт үйүнүн" имараты оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тиешелүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте "Бакыт үйүнүн" имаратынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл "Бакыт үйүнүн" имаратын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле андагы батирлердин сырткы көрүнүшүн боеп-сырдоо, мекеменин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жолдорду асфальттоо жумуштары аткарылат.

Белгилей кетсек, "Бакыт үйү" Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн курамына кирет.

Пикир

Оставить комментарий