• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ошто агартуучу Сыдык Алайчиевдин элесине арналган эл аралык илимий конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин 130 жылдыгына карата "Агартуучулук-билим берүүнүн өзөгү" эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев, Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору профессор Салават Сагитов, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев, Сыдык Алайчиевдин жакын туугандары, мугалимдер жана студенттер катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө, коноктор үчүн Сыдык Алайчиевдин ырларынан обондор созулуп, сахналык көрүнүштөр аткарылып, жасалма интеллекттин жардамы менен слайддар көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөлөр коюлду.

Маалымат үчүн: Сыдык Алайчы уулу 1894-жылы Ош облусунун Кара- Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек кыштагында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

16 жашында эле элге чыгып ырдап, өзүнүн жетимдик күндөрүн ырга салып, өзүнүн терең жана мазмундуу ырлары менен жалпыга таанылган.
Акын таланттуу ырчылык өнөр менен бирге эле айылдык чыгаан агартуучу катары 26 жыл педагогдук кызматты да аркалаган.

“Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим”, “Ардак белгиси” мамлекеттик ордени, “Эл агартуунун отличниги” наамдары менен сыйланган.
Төкмө акын 91 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий