• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2019-жылы Ош шаарына 3 миң бак отургузуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. 2019-жылы Ош шаарына жалпысынан 3 миң бак-дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ош шаарын көрктөндүрүү максатында Н. Исанов көчөсүнө ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, жашоочулар жана тиешелүү ишканалардын кызматкерлери катышты.

Калаа башчысы көчөттөрдү отургузуу иштери уланаарын, дарактарды сакташ керектигин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий