• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек-Ташкент автобустук каттамы экинчи ирет жабылды: Казакстан берген сөзүнө турбай койду

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Казакстан Бишкек-Ташкент автобустук каттамын жандандыруу тууралуу макулдашууну аткарбай, автобустарды өз аймагына өткөрбөй койду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Транзиттик автобус Бишкектен 2-февралга караган түнү чыгып кеткен. Автобус Казакстандын Өзбекстан менен чектеш аймагына (Черняевкага) жеткенде, казак тарап унааны Өзбекстанга өткөрбөй койгон. Ошол себепке байланыштуу автобус кайра Бишкекке кайтып келген.

Келишим боюнча, Бишкектен чыккан автобус Ташкенттин автобекетине чейин барып, кайра артка келиш керек болчу.

Эске салсак, 24-январда Казакстан Кыргызстандын жана Өзбекстандын тийиштүү органдарына кабарлабай туруп, эл аралык нормаларды бузуп, Бишкек-Ташкент каттамын өз аймагынан өтүүсүнө тыюу салган. Мындай чечимди казак тарап Бишкек – Жибек Жолу каттамы кайталанып жатканы менен түшүндүргөн.

Ошондой эле, Астананын негизги талабы – каттамга кызмат көрсөтүү үчүн ташуучу-компаниялардын тизмесине казак фирмаларын кошуу. Учурда бул каттамда кыргыз жана өзбек компаниялары иш алып барууда.

Февралдын башында Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү бул маселени чечүү боюнча жолугушуу өткөргөн. Анда казак тарап Бишкек-Ташкент транзиттик каттамынын Казакстандын аймагы аркылуу өтүү тууралуу келишимге кол коюлганга чейин, автобустар мурдагы график менен каттап туруу боюнча ооз эки келишим болгон.

Бишкек–Ташкент автобусу 2018-жылдын май айында каттай баштаган. Бул каттам боюнча күнүнө бир тарапка эле 100 жакын адам каттачу.

Пикир

Оставить комментарий