Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жүргүнчүлүк автоунаалардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө комиссиясынын 2018-жылдын 14-майындагы отрумунун №13 протоколунун чечиминин негизинде төмөндөгү шаардык айрым кичи автобустук каттамдарынын жүрүү схемаларына өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.
-№127-кичи автобустук маршруттук каттамынын жүрүү схемасы төмөндөгүдөй кылып өзгөртүлдү: Ош шаарынан Кара-Суу районунун Ишкаван айылына кетип жатканда Р.Абдыкадыров, Амир Темур көчөлөрү кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт.
-№112-кичи автобустук маршруттук каттамынын жүрүү схемасындагы Курманжан-Датка аймактык кеӊеши жагы (Юговосток) кыскартылып, Масалиев көчөсү менен Нурматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланпадан кайтат.
-№146-кичи автобустук маршруттук каттамынын Курманжан-Датка аймактык кеӊешине бара жаткандагы жана келе жаткандагы Өскөналиев, Абдыкадыров, Ш.Руставелли көчөлөрү кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт.
-№143-кичи автобустук маршруттук каттамынын жүрүү схемасы төмөндөгүдөй: Ак-Тилек аймактык кеӊешинен Ош шаарына карап кетип жатканда Ш.Руставелли көчөсүндөгү Кыргызыстан кинотеатры тарап кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт.
Пикир
Оставить комментарий