• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Ошто "Алыш" бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды

Коом 0

Бишкек, 22.05.22./Кабар/. Кечээ, 21-майда Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда эркектер жана кыз-келиндер арасында "Алыш" бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионатка катышуу үчүн Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония жана Кыргызстан сыяктуу 11 мамлекеттен 300гө жакын спортчу келди.

Чемпионаттын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн Бүткүл дүйнөлүк бел боо күрөшү боюнча комитетинин президенти Чолпон Султанбекова, салттуу күрөштүн эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Спортчулар 20дан ашык салмак категориясында күч сынашып, 24 комплект медаль ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий