Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айылында унаанын ичинде аткезчилик товар аныкталган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
“"Түштүк” ыкчам бажы тобунун кызматкерлери “Мерседес – Бенц 817” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан кезде ичинен 412 миң 20 сомдук анар табылган”,-деп айтылат маалыматта.
Маалыматта айтылгандай, товар ЕАЭБ аймагына киргизилген.
Чогултулган материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий