• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ошто бельгиялык жаран ислам динин кабыл алып, кыргыз кызына үйлөндү

Аймак 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. Ош шаарында Бельгиянын жаран ислам динин кабыл алып, кыргыз кызына үйлөндү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бельгиялык Альберто Вотир Кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушовго келишти.

Мирланбек ажы Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берди.

“Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот. Жаратуучу Алла Тааланын жалгыздыгына, Мухаммаддын (с.а.в.) Анын элчиси жана кулу экендигине чын жүрөктөн күбөлүк берген адамды мусулман деп эсептейбиз”, – деди Мирланбек ажы Токтомушов

Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болду.

Пикир

Оставить комментарий