• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жайыл районунда дайынсыз жоголгон 51 жаштагы Абдилак Сыдыков изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Жайыл районундук милициясы дайынсыз жоголгон 51 жаштагы Абдилак Сыдыков издөөдө.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Сыдыков 15-декабрда саат 10:00дө Петропавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Милицияга арыз менен анын кызы кайрылган.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кыска жана ак баскан.

Кийими: кара баш кийим, көк куртка, кара түстөгү бут кийим.

“Кимде-ким Абдилак Сыдыковдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо 0(312) 22-15-58, 0(709) 15-91-69, 0(708) 55-52-51 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий