• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда өткөн 5 күндүк рейд учурунда 63 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда өткөн 5 күндүк рейд учурунда 63 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин тийиштүү тескемесинин жана иш-мерчеминин негизинде, Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун, ошондой эле оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан 1-августуна чейинки аралыкта "Тартип" аталыштагы рейд өткөрүлгөн.

Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери, ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын ӨРнын жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар түнкү мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барышты.

Белгилей кетчү нерсе, рейддин жүрүшүндө жалпы облус аймагында 1 130 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылары аныкталып, анын ичинен 63 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалып, 104 автоунаа атайын айып короого коюлду.

Аталган иш-чара мындан кийин дагы тиешелүү иш-мерчемдин негизинде улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий