• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүрөттөр сүйлөйт: Оштогу Сатылганов атындагы паркын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу багына таш таман (бурсчатка) басуу иштери 90 %га аткарылды, - деп маалымдайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Паркка кирүүчү жолдогу тепкичтер толугу менен жаңыланып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандан үчүн пандустар курулган. Эс алуу багына кыргыз аялдын кымыз кармап турган айкели тургузулуп, айкелдин айланасына оргума (фонтан) курулууда. Улуу Жибек Жолундагы Кыргыз Көчүнүн элесин чагылдырган түстүү таштардан мозаика басуу иштери да жүрүүдө.

Мындан тышкары түнкү жарыктандыруу иштери жүрүп, видео байкоо коюлган. Жүрүп жаткан иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылууда. Ал эми шаардагы “Дархан” компаниясы тарабынан эс алуу багына 25 отургуч орнотулуп берилди. Быйылкы жылы эс алуу багын толугу менен реконструкциялоо иштери аяктайт.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери сапаттуу жүрүшү керектигин айтып, шаардыктар үчүн өзгөчө парк болоорун билдирди.

“Курулуштун сапатына көңүл бургула. Эски парктардай окшош дизайнда жасабаш керек. Өзгөчө кооз инсталляцияларды, өзгөчө жана сапаттуу отургучтар орнотулат. Максат тез бүтүрүү эмес, сапаттуу бүтүрүү. Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”, - деди мэр.

Т.Сатылганов атындагы парк 1919-жылы негизделип, аймагы 9 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий