• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ошто бир катар соцмекемелердин жери муниципалдык менчикке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Ошто жеке менчикке өтүп кеткен бир катар социалдык мекемелердин жердери муниципалдык менчикке кайтарыджы. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Алсак, Ош облустук жана Ош шаардык сотторунун чечимдери менен № 19 Шевченко, Т. Сатылганов атындагы мектептердин, № 18 “Айданек” бала бакчасынын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ошондой эле № 6 Макаренко атындагы орто мектептин аймагына мыйзамсыз курулган эки кабаттуу курулушту (Капитал банк) өз эсебинен буздуруу жана жер тилкени мурунку калыбына келтирүү жөнүндө Ош шаардык сотунун чечими чыкты.

Мындан сырткары, борбордук оорукананын жеке менчикке өтүп кеткен имараты жана жер тилкеси муниципалдык баланска кайтарылып берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык мекемелердин аймагына курулуп калган же жеке жактарга сатылып кеткен курулуштар мыйзам алкагында каралып, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облустук жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын, башка тиешелүү кызматтардын көмөк көрсөтүүсү менен кайтарылып алынды. Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча иш-аракеттер мында ары дагы алып барылат.

Пикир

Оставить комментарий