• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Ошто биринчи жолу «Борбор Азиялык романсиада» оюндарынын тандоо туру өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу Ош мамлекеттик окуу жайынын колдоосу менен «Борбор Азиялык романсиада» оюндарынын тандоо туру өттү. Бул тууралуу Россиянын Оштогу билим жана маданият борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тандоо туруна орус романсынын жаш артисттери катышып, орус романынын авторлорунун белгилүү чыгармаларын аткарышты. Эки турдун жыйынтыгы менен калыстар тобу үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында өтө турган орус романстарын жаш аткаруучулардын VII Эл аралык “Борбор Азиялык романсиада” сынагында Кыргызстандын түштүнөн чыга турган төрт финалистти тандап алышты.

Тандоо турунун финалисттери:
-Зарина Маматова, ОшМУнун музыкалык-педагогикалык факультетинин 4-курсунун студенти;
-Ниязалы атындагы ОшМУнун музыкалык окуу жайынын 2-курсунун студенти Жумадыл Тургунбаев;
- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокалдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Айсезим Сатыбалдиева;
-Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокалдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Сыймык Кадырмаматов.

Пикир

Оставить комментарий