• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Лос-Анжелес шаарында кыргыз кино күндөрү өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында АКШнын Лос-Анжелес шаарында салтка айланган кыргыз кино күндөрү өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, кино күндөрүнүн алкагында Лэнмарк кинотеатрында “Акыркы көч” жана “Шамбала” кыргыз тасмалары көрсөтүлдү.

Иш-чарага “Шамбала” тасмасынын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков жана актер Артур Аманалиев, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев катышты.

"Көрсөтүүнү колдоо үчүн Американын ар кайсы штаттарынан мекендештер, ошондой эле Кыргызстандан коноктор келишти. Иш-чара абдан ийгиликтүү өттү. Жетинчи жыл катары менен Кыргызстандын кино күнү салттуу түрдө Азия кинофестивалынын алкагында өткөрүлүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий