• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ошто дагы бир фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Орке айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, социалдык имарат менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, мурунку ФАПтын имараты авариялык абалда болгодугуна байланыштуу 2023-жылы жеке жарандын үйүнө көчүрүлүп, иштеп келген.

ФАПтын жаңы имаратынын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталып, анда ага керектүү болгон бардык жабдуулар орнотулуп, төрт ай ичинде толугу менен аягына чыкты. Мында дарылоо, эмдөө, акушер-гинекологтун, терапевттин бөлмөлөрү, откана бар.

Пикир

Оставить комментарий