• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата иш-чараларды уюшкандыкта даярдоо жана өткөрүү максатында «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында Ош шаарында Мамлекеттик тил күнүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драмалык театрында жогорку денгээлде уюштурулуп, мекеме-уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин жамааттарынын, студенттеринин катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлгөн. Анда мамлекеттик тил күнүнө карата китеп көргөзмөлөрү, театралдык көрүнүштөр, чыгармалар, көркөм окуулар жана концерттик программалар уюшутурулган.

«Эне тил жана Айтматов» мамлекеттик тил үч айлыгына карата иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча, Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын арасында “Эне тил жана Ч.Айтматов” темасында документалдуу фильм сынагы, театр жамааттары арасында “Эне тил жана Ч.Айтматов” темасында спектакль даярдоо жана коюу, жогорку окуу жайлары арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тил жана Айтматов” темасында студенттер арасында чыгарманы сахналаштыруу боюнча сынак жарыяланган.

Аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө жана үч айлыктын жүрүшүнө активдүү катышкандарга 11 номинация боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баалуу белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий