• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эскертүү алган ишканалар мобилдик топтун текшерүүсүнөн кийин гана ишин жандандыра алат - Оштун вице-мэри

Аймак 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эскертүү алган ишканалар мобилдик топтун текшерүүсүнөн кийин гана ишин жандандыра алат. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри, жарандык коргонуу штабынын башчысы Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 25-марттан баштап айрым ишканалар иштей баштаган.

"25-мартта 41 ишканага уруксат берилген. Андан кийин 1-майда жана жакында эле 11-майдан баштап айрым мекемелер ишин жанданткан. Мобилдик топтор тарабынан 887 объект текшерилген. Алардын ичинен 13 объектке айыппул салынган жана 51 ишкана жабылган. Ал эми санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн эскертүү алган ишканалар мобилдик топтун текшерүүсүнөн кийин гана кайра иштей алат", - дейт ал.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилди.

Андан тышкары, бүгүндөн тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий