• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Окуу башталды. Ысык-Көлдө 400дөн ашуун милиция кызматкери жол коопсуздугун камсыздады

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бүгүн, 15-сентябрда 400дөн ашуун милиция кызматкери ар бир билим берүү мекемесине бекитилип, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиев Түп районунун Сары-Тологой айылындагы К.Эгембердиев атындагы орто мектебине Билим күнү менен окуучуларды жана мугалимдерди куттуктап, өзүнүн атынан башталгыч класстарынын окуу куралдарын жана жеке коргоонучу каражаттарды тапшырды.

Облус аймагындагы билим берүү мекемелерине шаар-райондук милициясынын башчылары, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жана жол кызматкерлери ата-энелердин катышуусунда жаңы мектеп босогосун аттаган бөбөктөргө ийгилик каалап, жол коопсуздугу боюнча маек курушса, жогорку класстардын окуучуларына укук сабактары өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий