• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Ошто энергетика тармагында үч обьект курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. 10-11-декабрда энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапары менен түштүк жергесине барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө министр Кара-Кулжа РЭТинин административдик имаратынын, 110/10 кВ "Бүлөлү" көмөк чордонунун жана 10 кВ "Жар-Башы-Жекенди" аба чубалгысынын курулуштары аяктагандыгына байланыштуу пайладанууга берүү иш-чарасына катышты.

Алгач Кара-Кулжа райондук электр тармактарына жаңы заманбап имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы имаратты пайдаланууга берүү менен 14 миң 673 даана керектөөчүнү тейлөө сапаты жогорулады. Кара-Кулжа РЭТинин административдик имараты 1965-жылы курулган жана авариялык жараксыз абалда болгон.

Ушул эле күнү министр Ибраев Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында 110/10 кВ көмөк чордонун ачылыш аземине катышты. Бул көмөк чордонду куруу маселеси экинчи Элдик Курултайда көтөрүлгөн. Куруу чечими Энергетика министрлиги тарабынан кабыл алынып, бүгүнкү күндө калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 110/10 кВ "Бүлөлү" көмөк чордонунун курулушу аяктап, ишке киргизилди.

Мындан тышкары, II Элдик курултайда узундугу 22 чакырым болгон эки чынжырлуу 10 кВ "Жар-Башы-Жекенди" аба чубалгысын куруу зарылдыгы боюнча маселе көтөрүлгөн.

Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, жаңы 10 кВтук заманбап СИП-3 аба чубалгысы курулуп ишке берилди. Жалпысы 1 335 абоненттин электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулатылды. Белгилей кетсек, жогорудагы көрсөтүлгөн курулуштар "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын өздүк каражатынын эсебинен аткарылды.

Кара-Кулжалыктар энергетика министринин калк үчүн кылган эмгегин баалап, Кара-Кулжанын "Ардактуу атуулу" төш белгиси менен сыйласа, Алайдын жергиликтүү тургундары энергетиктерге батасын берип узатышты.

Пикир

Оставить комментарий