• 87
  • 90.64
  • 0.85

Ошто эс алуу жайындагы мушташка катышкан УКМК кызматкерлери иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. 2-январда Ош шаарындагы Sky Bar оюн-зоок мекемесинде орун алган УКМК кызматкерлеринин катышуусундагы мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органына шек келтиргендиги үчүн окуяга катышкан кызматкерлерди кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Учурда аталган факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий