• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто эт азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн мал союучу жай курулууда

Аймак 0

Ош, 06.08.18. /Кабар/. “Келечек” ААК Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына жана талаптарына ылайык мал союучу жайдын заманбап имаратын курууда.

“Келечек” ишканасынын ишмердүүлүгү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып чыкты.

Ишкананын директору Мадамин Эргешовдун айтымында, учурда ишкана ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп бериши үчүн аны реконструкциялоо иши жүрүп жатат. Бир айдан кийин жаңы мал союучу жай колдонууга берилет. Анда 30-50 тонналык колбаса жана эт азыктары өндүрүлөт.

“Келечек” ишканасы 2012-жылдан бери иштейт. Буга чейин анда консерваланган кыям жана ичимдиктер чыгарылчу. Мындан тышкары ишкана жакын арада 5 тоннага чейинки азыктарды сактоого мүмкүн болгон логистикалык борборду ачууну пландап жатат.

Ишкана алдыда өндүрүмдөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн өзүнүн бардык имараттарын реконструкциялоодо.

Пикир

Оставить комментарий