• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Талас шаарында Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5600 сомдон сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Талас шаарында Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5 миң 600 сомдон сатылууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү максатында бүгүнкү күндө көмүрдү Кара-Кече кенинен Талас шаарына ташып келүү кызуу жүрүүдө.

Учурда Талас шаарындагы көмүр отун базасында көмүрдүн 1 тоннасы 5 миң 600 сомдон сатылып жатат.

Белгилей кетсек, былтыр ушул маалда Талас шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 5 миң 200 сомду түзгөн. Быйыл көмүрдүн баасынын көтөрүлүшү күйүүчүчү майга баанын жогорулашына байланыштуу болууда.

Пикир

Оставить комментарий