Ошто этникалык кыргыздар үчүн курулуп жаткан үйлөрдө кемчиликтер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Ошто этникалык кыргыздар үчүн курулуп жаткан үйлөрдө кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Бурган-Суу айылында "Олимп и Ко" ЖЧКсы тарабынан этникалык кыргыздарга курулуп жаткан турак үйлөрдүн курулуш иши текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар курулуш нормалары сакталбаганы аныкталып, "Олимп и Ко" ЖЧКга КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 144-беренесинин 2-пунктуна ылайык 200 миң сом айып пул салынып, турак үйлөрдүн курулуш нормаларына жана стандарттарына туура келбеген жерлери буздурулууда.

Пикир

Оставить комментарий