• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошко эвакуацияланган 12 баткендик окуучу билим алуусун улантууда

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынан эвакуацияланып келген жарандардын балдары ОшМУнун “Билим” лицейинде убактылуу билимин улантып жатышат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Билим” лицейинин мугалимдери буга чейин ата-энелер менен жолугуп, балдардын лицейдеги окуучулар менен биргеликте билим алып туруусуна көмөктөшөрүн айтышкан. 19-сентябрдан тартып 5-класска беш окуучу, 6-класска эки окуучу, 7-класска үч окуучу, 8-9-класстарга бирден окуучу келип кошулуп, балдар менен биргеликте билим алып баштаган.

“Окуу жайдын жетекчилигинин сунушу менен учурда макул болгон ата-энелердин балдарын окуучуларга кошуп окутуп жатабыз. Аларга катышуу эркин, лицейдин жамааты тарабынан окуучулар окуу куралдары менен камсыз болушту. Балдар үзгүлтүккө учуратпай окуусун улантып, окуучулар менен достошуп күнүн мазмундуу өткөрсө деген максатта уюштурдук. Азыр кызыгып келип катышып жатышат. Андан сырткары, окуучуларыбыздын демилгеси менен “Кайрымдуу бол” акциясы да уюштурулду”, - деди “Билим” лицейинин директору Жоогазын Болушева.

ОшМУнун алдында 4 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч билим берүү борбору бар. ОшМУнун мектеп-гимназияларынын тажрыйбалуу мугалимдери мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдерин, гуманитардык, табигый, так илимдерин тереңдетип окутушат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызсстандык каза болуп. 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий