• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча XIII эл аралык турнир башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Кыргызстан-Иран достугу" спорт комплексинде 2009-2011-жылдары туулган спортчулар арасында өтүүдө.

Турнир 17 жолку Кыргызстандын чемпиону, спорт чебери Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналды.

Аталган турнирге 12 салмак категориясы боюнча Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык облустарынан 200дөн ашык спортчу катышууда.

Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана спорт сүйүүчүлөрү катышты. Турнир эки күнгө созулат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медаль жана дипломдор менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий