• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ошто үй-бүлө мамилелерине багытталган маалыматтык кампания жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Ош шаарында маалыматтык компания старт алды. Анын негизги максаты үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу аркылуу балдардын укуктарын коргоо болуп саналат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, ошондой эле иш-чара үй-бүлө институту аркылуу балдардын таламдарын жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана маалыматтарды калк арасына жеткирүү максатын көздөйт.

Иш-чара Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында старт алып, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Н.Кадыров, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К.Абдуллаев, шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош юстиция башкармалыгынын жана атайын кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Мындай иш-чаралар Ош шаарындагы бардык МАБтарда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий