• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы Россия менен Кыргызстандын достук аллеясында үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү.

Мэрияданг маалымдашкандай, анын алкагында 35 жылдан ашык убакыттан бери түтүн булатып келе жаткан жети бактылуу жубайга грамота менен "Сүйүү жана ишеним үчүн" медалы тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Роскызматташтыктын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын Кыргызстандын элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, 8-июлда үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү белгиленип келет. Бул майрам бардык салттуу диний уюмдар тарабынан колдоого алынган. Себеби ар бир динде үй-бүлөлүк сүйүү менен ишенимдин үлгүлөрү бар.

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Роскызматташтыктын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү жана «Благодать» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий