• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде Жарандык коргонуусунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуулар өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун 2017-жылга бекитилген даярдык Планына ылайык, 2017-жылдын 20-22-ноябрь күндөрү Баткен облусунда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-Жарандык коргонуусунун башчысынын жалпы жетекчилиги алдында “Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаал болгондогу Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын аракети” темасында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун максаты:

1. Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунда жана пайда болуусунда Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын иш-аракет жүргүзүү, эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгынын абалын аныктап чыгуу.
2. Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин (АСДНР) жүргүзүү жана жапа чеккен адамдарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо боюнча иш-чараларын практикалык түрдө аткаруу.
3. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусунда жана коркунучунда калкты жана аймакты коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин (АСДНР) жүргүзүүдөгү жана облустун аймагындагы жапа чеккен адамдарды кабыл алуудагы, аларды жайгаштыруудагы жана ар тараптуу камсыздоо боюнча уюштуруу суроолорун иштеп чыгуу.
4. ӨК кесепеттерин жоюуда, күчтөрдү жана каражаттарды колдонууну уюштурууда кызматтын жетекчилеринин башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн практикалык тажрыйбасын өрчүтүү.

Машыгууга тартылгандар республикалык аткаруу бийлигинин органдары – министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары; Баткен облусунун жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары – Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы, Жарандык коргонуу кызматтары, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, Баткен облусунун, райондорунун жана шаарларынын Жарандык коргонуу бирикмелери; КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүмдөрү, бөлүмчөлөрү жана III өзүнчө издеп куткаруу отряды тартылган.

Машыгуунун жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун биринчи орун басары генерал-майор Кубатбек Боронов, ал эми жетекчиликтин штаб башчысы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов.

Пикир

Оставить комментарий