Ошто үйүн камсыздандырган 20 жаранга 3,2 млн сом кенемте төлөндү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Ошто үйүн камсыздандырган 20 жаранга кенемте төлөндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарында табигый жана өрт кырсыгынан жабыркаган 20 жаранга чыгымдардын ордун толтуруу максатында 3 млн 296 миң 595 сом кайтарымсыз акча каражаты төлөнүп берилди.

Алсак, 24-июлда Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылынын тургуну Дастанбек Жакыповдун үйү өрттөнүп кеткен. Ага өз турак жайын камсыздандырганы үчүн 400 миң сом акча каражаты тапшырылды.

Андан тышкары, Ырысбек Пиримкулов аттуу жаран лизингке алган ХОВО автоунаасын камсыздандырган. Жол кырсыгына кабылгандыктан 95 миң сом кайтарымсыз акча каражаты бөлүнүп берилген.

Жалпы шаар боюнча 23 миң 490 турак жай камсыздандырылган.

Пикир

Оставить комментарий