Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Ош шаарында үйдүн ашканасынан өрт чыгып, 48 жаштагы аял түтүнгө ууланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Атабаев көчөсүнүн №154 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн 106-батиринин ашканасында плитада тамак-аш күйгөн. Өрттүн кесепетинен 48 жаштагы аял киши түтүнгө ууланган. Абалы туруктуу.
Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.
Пикир
Оставить комментарий