Ошто июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттнин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты.

Өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов каза болгондордун жакындары жана иш-чаранын катышуучуларына көңүл айтып, ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз деп белгиледи.

"Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз", - деди ал.

Эскерүү "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий