Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Кечээ, 1-сентябрь күнү саат 13:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий