• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кара-Суу шаарында сүт азыктарын чыгарган ишканадан өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Артыков көчөсүндө жайгашкан сүт азыктарын чыгаруучу ишканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 23:42да чектөөгө алынып, саат 00:45те толук өчүрүлгөн.

Кырсык кучагына алган болжолдуу аянт 500 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Такталган маалыматка ылайык, 23-июнда Оштун Кара-Суу шаарынын Космодемьянская көчөсүндө жайгашкан сүт азыктарын жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий