• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн болжол менен таңкы саат 06:29да болгон.

Жер титирөө Өзгөн районунун Чимбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында 3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий