Крестинин: Мен өз жигиттериме ишенем. Биз оюнду катуу күтүп жатабыз

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Филиппинге каршы оюнунда ийгиликке ишенип турат. Бул тууралуу ак шумкарлардын машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

Беттеш бүгүн саат 19:30да Дубай шаарындагы Rashid stadium стадионунда өтөт.

Крестинин өз оюнчуларына ишенерин айтып, оюнду чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

"Мен өз жигиттериме ишенем. Биз оюнду катуу күтүп жатабыз. Ушундай ири мелдештердеги жолубуздун алдында турабыз. Ар бир футболчу менен машыктыруучу алдыда баарын чече турган кырдаалда болгусу келет. Биз мындай кырдаалга даярбыз. Жакшы даярдыкты көрдүк. Биз баарын эсепке алдык", -дей ал.

Адистер менен букмекерлердин алдыдагы беттеште Кыргызстан жеңип кетет деген пикирине ал атаандаштарын баалабай коюуга болбостугун айтты.

"Атаандашты баалабай коюуга акыбыз жок. Букмекерлердин божомолдоруна карабайбыз. Биз өзүбүздүн оюнубузга көңүл бурабыз. Баары бизден көз каранды. Мүмкүндүк бар, жеңишибиз керек. Индия үчүнчү айлампанын алдында экинчи орунда болгон. Бүгүн алар үч упай менен үйүнө кетип жатышат. Баары болушу мүмкүн. Бирок баарынан мурун биз өз жумушубузду аткарышыбыз зарыл", - деп белгиледи Крестинин.

Өз учурунда Филиппин командасынын машыктыруучусу Свен-Йоран Эрикссон оюн жеңил болбостугун билдирди.

"Эки команда тең кийинки баскычка чыгарына ишенет. Атаандаштын мыкты футболчулары бар - чабуулчулары, анын ичинде тогузунчу номердеги оюнчуну (Эдгар Бернхард) белгилегим келет. Мүмкүндүк эки командада тең бар, бирок бир эле жеңиш баарын чечпейт. Башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгын күтүү зарыл. Биз жеңебиз деп үмүттөнөм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий