• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Футбол боюнча Азия кубогунда ойной турган командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунда ойной турган командалар белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин Кыргызстандын курамасы дагы аталган мелдешке катышууга жолдомо алган. “Ак шумкарлар” алгачкы жолу 2019-жылы БЭАде өткөн Азия кубогуна катышып, 1/8 финалына чейин жеткен.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун оюндары 2023-жылы 16-июндан 16-июлга чейин болот. Ал эми кайсы өлкөдө өтөөрү боюнча чечим ушул жылдын 17-октябрында Азия футбол конфедерациясынын аткаруу комитетинин жыйынында белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий