• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто кайненесин өлтүргөн келин окуянын кандай болгонун айтып берди (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 29.08.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ошто кайненесин өлтүргөн келин өз күнөөсүн мойнуна алып, окуянын кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматта, шектүүнүн мындай оор кылмышка баруусуна кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик себеп болгондугу айтылат.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 1992-жылы туулган Умсунай жана 1980-жылы туулган Арзыбаева Жумагүл Боронбаева аттуу бир тууган эжеси кармалган.

“2017-жылдын 26-августунда эртең мененки саат 07:00 чамасында келиндин күйөөсү адаттагыдай жумушуна кетет. Маркум менен келиндин ортосунда чыр чыгып, кайненеси келинин уулу менен ажыраштыра тургандыгын айткан. Андан соң, өзү жаткан бөлмөгө кирип, уктап жаткан. Болжол менен 09:00 чамасында келини ачуга алдырып, сырттан таш алып келип, кайненесинин башына бир нече жолу урган. Анын өлүп калгандыгын билген соң, өзүнүн бир тууган эжесине телефон аркылуу айткан. Окуя маркумдун баласынын Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Эже-сиңди экөөлөп аялдын башын кесип, денени баштыктарга бөлүп салгандан кийин кечинде такси менен таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми денеден бөлүнгөн башты башка даректеги таштанды челекке салышкан. Азырынча маркумдун башы табыла элек. Кармалган шектүүлө аялдын бутун дагы кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшкан. Окуяга шектүү келиндин 2 баласы бар», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү келиндин эжесинин дагы өз үй-бүлөсү бар.

Эске сала кетсек, кечээ, 28-августта, саат 10:00 чамасында Ош Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болжол менен 40-45 жаштагы башы кесилген аялдын денесин таап чыгышкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий