• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ошто “Келечекке карай” аттуу эл аралык кыргыз-орус форуму өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Келечекке карай” аталышында мугалимдерге арналган II эл аралык кыргыз-орус форуму өтүп жатат.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети жана Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте уюштурулуп, ага Ош шаарынан жана райондордон келген мугалимдер катышууда.

Форумдун алгачкы бөлүгүндө коноктор үчүн атайын ачык эшик күнү уюштурулуп, көргөзмөлөр коюлду.

Ал эми экинчи бөлүгү чоң жыйындар залында уланып, ага Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Ош шаарындагы Россиянын Башкы консулдугунун өкүлү Валерий Катункин, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич, БатМУнун ректору Айдарбек Гыязов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, М. Акмулла атындагы БГПУнун Салават Сагитов жана окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Форум практикалык тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү, Кыргызстан менен Россиянын адистеринин заманбап билим берүү тармагында эл аралык кызматташуусун түзүү максатында уюштурулуп, алдыда концерттик программа, мугалимдер үчүн интенсивдүү билим берүү, тегерек стол жана мастер-класстар өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий