• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто өзгөчө кырдаалдар боюнча окуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. 2017-жылдын 19-24-майында Ош шаарында Жарандык коргонуу жаатында окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Аталган окуу Ош шаарынын аймагында жайгашкан бала бакчалардын жетекчилери жана Жарандык коргонуу кызматтарынын штаб башчылары үчүн уюштурулган.

Бул окуунун түздөн түз максаты өзгөчө кырдаалдар коркунучуна даяр болуу жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө.

Катышуучулар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм турум эрежелери боюнча окутулду. Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар учурунда мекеме ишканаларда түзүлүүчү иш кагаздарды толтуруу жолдору да көрсөтүлдү.

Ош шаарындагы бала бакчалардан 30 жетекчи, ал эми Жарандык коргонуу боюнча штаб башчыларынан 19 угучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий