• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто коменданттык саатты эки жолу бузган бир факты катталды - комендант

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда коменданттык саатты эки жолу бузган бир факты катталды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, аталган жаран биринчи жолу коменданттык саатты бузганда эскертүү гана берилген.

"Экинчи жолу коменданттык саатты бузганда протокол түзүлүп, 3 миң сом айыппул салынды. Ал эми мас абалында унаа башкаргандарга 17,5 миң сом айыппул салынып, унаасы айып короого киргизилет. Ошондой эле коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 3 миң сом айып салынат. Жөө мас абалында болгон жаран кармалса, ким менен ичкендиги аныкталат", - дейт ал.

Комендант белгилегендей, коменданттык саатта жаш балдар мал айдап бара жатып кармалган учурда, ага эскертүү берип, үйүнө жеткирилүүдө.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий