• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Исаков: Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезип жатат

Билим 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн конференциясын өткөрдү. Жыйында дистанттык окутуунун жүрүшү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министр дистанттык окутуунун алгачкы жумасында мугалимдер жана окуучулар жаңы форматта биргелешип иштөөнү өздөштүрүшсө, кийинки жумаларда мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүшүп, ар бир педагог чыгармачылык менен изденип, дистанттык билим берүү процессин жакшы жолго коюп баратышкандыгын белгилеген.

“Мугалимдерибиздин эмгегин баалап, азыр баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезип жатат. Педагогдорубуздун жоопкерчиликтүүлүгүнөн, күнү-түнү иштеген мээнеткечтигинен коомдо кадыр баркы жогорулап баратат. Дистанттык окутуу – мугалим, окуучулар менен бирге көпчүлүк ата-энелердин да санариптик сабаттуулугун арттыра баштады. Бул жакшы көрүнүш. Азыр биз башыбыздан өткөрүп жаткан билим берүү процессин терең анализдеп, алгылыктуу жактарын алып, кемчиликтерин түздөп, алдыга кадам шилтешибиз керек”, - деди Исаков.

Министр телевизор, телефонго муктаж үй-бүлөлөрдүн маселеси жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жаткандыгын, бул боюнча жумуштар улана берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, министр Каныбек Исаков ушуну менен төртүнчү ирет шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн конференция өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий