• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто коомдук транспорттордо кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлө баштайт

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги “Козулар”, "Сыйкырдуу калем" анимациялык мультфильмдерин шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу сунушталды.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жаткандыгын билдирди.

Соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана төш белгилер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий