Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Ошто КСДПнын депутаты Азамат Арапбаевдин 3 кеңсесин тоноп кетишти. Мындай маалыматты укук коргоо органдарынан тастыкташты.
Күч органдарынын маалыматына караганда, кеңселерден 2 миллион сомдон ашык акча, 70 миң доллар жана алтын жасалгалар уурдалган.
“Шектүүлөрдүн арасында кеңселердин биринин кызматкерлери бар. Алар сейфтен акча жана алтын уурдашкан”, - деп билдиришти милициядан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.
Пикир
Оставить комментарий