• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ошто майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү шарт түзүү маселеси каралды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы майыптыгы бар адамдардын жана балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйын Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында өтүп, ага мекеме-ишканалардын, бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйындын күн тартибинде, майыптыгы бар адамдар үчүн коомдук жайларда түзүлгөн шарттар боюнча маселелер каралып, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын имараттарынын алдындагы пандустардын абалы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров көтөрүлгөн маселелер боюнча маалыматтарды угуп, майыптыгы бар жарандар үчүн шаардагы мекемелердин алдындагы пандустарды эрежелерге ылайык оңдоп-түзөө, жаңы курулган аялдамалардын жеткиликтүүлүгү курулуш нормаларына жана тиешелүү талаптарга ылайык келтирүү зарыл экендигин белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгы менен, күн тартибине коюлган маселелер боюнча чечимдер кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине 1 айлык мөөнөттө тийиштүү протоколдук тапшырмаларды аткаруу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий