• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Ош шаарында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленип, "Алымбек-Датка” этнографиялык борборунда Ош шаарынын мэриясы, ЭлТР телерадио компаниясы тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык концерт өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында манасчылар, төкмө акындар, эстрада жылдыздары, бий жана музыкалык топтор кыргыз тилин даңкташып, шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулашты.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов катышып, шаар тургундарын бүгүнкү майрам менен куттукташты.

Ошондой эле кыргыз тили ынтымактын, достуктун жана биримдиктин тили экендигин белгилешип, кыргыз тилинде сүйлөп, кийинки муунга үлгү болууга чакырышты.

Мындан сырткары, "Мамлекеттик тилди өнүктүргөн мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы" аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий