Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди, деп билдирет муниципалитеттен.

Иш-чарага шаар мэр Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Саадат Туйгунова, мэрдин орун басарлары, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Бакытбек Жетигенов куттуктоо сөзүндө мамлекет кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына, кызматтык кѳтѳрүлүүсүнѳ өзгөчө кѳңүл буруп жатканын бюелгиледи.

"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен муниципалдык кызматкерлердин эмгек маяналары жыл сайын жогорулоодо. Ош шаарынын мэриясы да эл үчүн ак кызмат өтөгөн, сыймыктуу кесип ээлерине ар тараптан колдоо көрсөтүп келет", - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык барактары тапшырылды.

Ошондой эле мэр жаш муниципалдык кызматкерлерге белектерди тапшырып, өз кесибинин мыктысы болуп, шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууда ийгилик каалады.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Ош шаардык кеңешинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, профсоюздун, Ош шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү куттукташып, белектерин тапшырышты.

Соңунда маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы жыл сайын салтанаттуу белгиленип келет. Бул майрам БУУнун Ассамблеясы тарабынан 2002-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий