• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто стационарлардын бирине меценат жана эмгек мигранты 50 орунга эсептелген кычкылтек станциясын орнотту

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Ош шаарында меценат жана Россияда иштеген эмгек мигрантынын жардамы менен шаардагы стационарлардын биринде 50 орунга эсептелген кычкылтек станциясы орнотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Шаардагы колледждердин биринде жайгашкан стационарга кычкылтек станциясын орнотууга коомдук ишмер жана мецент Абдышүкүр Жураев жана Москвада иштеген эмгек мигранты Нуриддин Исмаилов жардам берген.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугушууда Абдышүкүр Жураев жакында "Түштүк" кичирайонунда жайгашкан медреседеги стационарда 10 орунга эсептелген кычкылтек станциясы орнотуларын билдирген.

Андан тышкары, дзюдо боюнча Азия чемпиону Кубанычбек Айбек уулунун атасы Айбек Жороев Ош шаарынын медициналык мекемелерине эки кычкылтек концентраторун берген.

Пикир

Оставить комментарий