• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынат

Аймак 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Ош шаарында коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар (АЗС) алынат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 20-мартта саат 20:16 чамасында Оштун шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, эки адам жабыркаган.

Мэр Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайга барып, тиешелүү кызматтардан маалымат алды. Калаа башчысы атайын комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерүүгө алаарын, буга чейин мыйзамсыз курулган жана коопсуздугу каралбаган май куюучу жайлар алынаарын билдирди.

Андан кийин кырсыктан жабыркаган эки жарандан кабар алып, дарыгерлер тыкыр көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Жабырлануучулардын биринин абалы туруктуу оор . Экинчи жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, абалы орто.

Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий