Ошто милиция кызматкерлери ири өрттүн алдын алышты

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Күн мурун Кара-Суу районунда Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен мекеме, уюмдардын арасында спорттук иш-чара өтүп жаткан.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, саат 13:15 чамасында иш-чара өтүп жаткан жерге жакын жерден кара түтүн асманга көтөрүлө баштайт. Милиция кызматкерлери өрт чыкканын көрүп, дароо өрт кызматына кабар берет.

Аталган кызматтын тобу келгенче милиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан дарактарды жана поезд жолго төшөлгөн жыгачтардагы өрттү өчүрүүгө киришет. Жыйынтыгында өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте өрт чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий