• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто милиция жана аскер кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюуга тартылды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Ош облустук жана шаардык милициясынын, Ички аскерлердин 7703 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, алар жараксыз болгон эс алуучу жайларды, үйлөрдү жана Ош шаарынын борбордук базарын, короо-сарайларды жана жер төлөлөрдү тазалоого көмөк көрсөтүшүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тОш шаарын кесип өткөн Ак-Буура дарыясындагы суунун көлөмү көтөрүлүп, суу боюнда жайгашкан эс алуучу жайларды, үйлөрдү жана Ош шаарынын борбордук базарын сел каптаган. Ошондой эле Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында, Мады айылдык аймагында дагы катуу жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен үйлөрдү, короо-сарайларды жана жер төлөлөрдү, эс алуучу жайларды суу каптаган. Акыркы маалыматтар боюнча, селдин кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий